www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын № 5384 шайлоо участогунун схемасы жана чек арасы төмөнкүдөй өзгөртүлдү:

- № 5384 “Атамерек” шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Рысбаев Козубай ажы көчөсү, Б. Атишов орто мектеби. Чек арасы: Э, Нуранов, Э. Ботоев, Рысбаев Козубай ажы, Б. Байымбетов, Кут-Ордо - 1, 2, 3, 4, 5, 6, К. Турдубаев, Ош, С. Матанов, Таш-Короо, Ы. Рысбаев, Ж. Исмаилов, М. Алмаматов, Н. Айдиев. Шайлоочунун саны: 1818.

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында жаңы № 5618 шайлоо участогу түзүлүп, анын схемасы төмөнкүдөй бекитилди:

- № 5618 Таштак шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Таштак айылы, К. Жороев көчөсү № 2б, Кыргыз-немец медициналык борборунун имараты. Чек арасы: А. Арзикулов, М. Кабулчаев, Каримжан ажы (Ярмат ажы), Шарап Мырза, К. Жороев көчөлөрү кирет. Шайлоочулардын саны: 664.

Жыйында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылындагы жаңыдан түзүлгөн № 5618 шайлоо участогунун дареги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

 

Последние новости