www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-ноябрда №2 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ырысбек Атажановдун үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу келип түшкөн материалдарды кайрадан карап чыкты.
БШКнын юристи социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө талапкердин мечитте үгүт өткөргөнүн, ошондой эле Бирлик айылына кире бериштеги аркага талапкердин баннери орнотулганын билдирди. Мындан тышкары, талапкер Майдан айылынын тургундары менен социалдык объектилерди курууга убада берген келишимге кол койгону видеодо көрүнүп турат. Мыйзамга ылайык, талапкердин диний мекемелерде үгүт жүргүзүүгө, мыйзам тарабынан тыюу салынган жерлерге баннер орнотууга жана кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө укугу жок.
Буга чейин БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров талапкерди талаптарды бир нече жолу бузгандыгы үчүн жарыштан четтетүүнү сунуштаган.
БШКнын жумушчу тобу биринчи маселе боюнча талапкерге 20 000 сом, экинчи маселе боюнча 7500 сом айып салууну, ал эми үчүнчү маселе боюнча эскертүү берүүнү сунуштады.
БШК мүчөлөрү жумушчу топтун чечимине макул болуп, аны бекитишти.
Шайназаровдун сунушу жумушчу топтун чечиминде жок болду.