www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо жана жасалма саясий жарнактарга жол бербөө максатында Фейсбук социалдык тармагына кайрылуу жолдоду.
Буга ылайык, Боршайком катталган 30 талапкерлердин тизмесин жана ошондой эле ыйгарым укуктуу расмий өкүлдөрдүн орус жана латын транскрипциясындагы тизмелерин Фейсбукка өткөрдү.
БШКнын үгүт иштерин жүргүзүү жана каржылоо боюнч ажумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнактарга мониторинг жүргүзүүдө.
БШКнын Контролдук-текшерүү тобу өзгөчө Фейсбук жана Инстаграмдагы саясий жарнактар үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөп, саясий жарнактар шайлоо фондунан төлөнүшү керектигин эскертет.
Үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык түйүндөрдө жарыяланган үгүт билдирүүлөрү үгүт эрежелери боюнча шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек экендигине талапкерлердин көңүлүн бурат.
Булак: NazarNews.kg