www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылат

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК Жогорку Сотко кайрылганына бир жума болуп калды. "Эгерде Жогорку Сот биринчи, экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырса Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылат", - деди ал.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости