www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезексиз президенттик шайлоого талапкерлер 1 млн өлчөмдөгү күрөөнү 3-декабрь түнкү саат 24:00гө чейин төлөшү керек. Бул туурадуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мындан тышкары, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкерлер БШКга шайлоо фонддоруна каражаттын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө үч финансылык отчет бериши керек.

Биринчи каржылык отчет – БШКга шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документтерди тапшырган убакта чогуу берилиши керек.

Экинчиси – добуш берүү күнүнө чейин жети күндөн кечиктирбестен – 2021-жылдын 2-январына чейин.

Үчүнчү финансылык отчет – шайлоодон кийин жети күндөн кечиктирбестен – 17-январга чейин берилиши керек.

Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер 15 миллион сомдон ашык каражатты өз каражатынан жумшай албасы такталды. Талапкердин фонду 50 миллиондон ашпашы керек. Талапкердин шайлоо фондунун көлөмү 200 миллион сомдон ашпашы керек.

Эске салсак, 2021-жылдын 10-январында өтө турган кезексиз президенттик шайлоого документтерди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов жана Бектур Асанов БШКга тапшырган.

Белгилей кетсек, алардын бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости