www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Шайлоонун үгүт иштерине ырчылар катышпайт

Шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, үгүт иштеринде концерт, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

"Шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөдө, стадиондордо концерт, театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай талаптар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамындагы өзгөртүүлөрдө киргизген. Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары эле катышат, үгүт ишине катыша албайт", — деп БШКдан маалымдашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости