www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган жашоодо асыл адамдар өтө сейрек. Эң оболу, чиновник же бай-манап катары эмес, жөн гана адамгерчиликтүү, боорукер болуу, пакизалыкты көрсөтүү өтө кыйын. Дал ушундай мүнөздөргө ээ, балким, чыныгы инсанга биздин мактообуз жетишпей калышы мүмкүн, себеби, ал адам бийик! Эң башкысы, жолдошчулукка бекем, сатпаган, үй-бүлөдө үлгүлүү ата бул – Элмурза Сатыбалдиев!

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы толук ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов “Замандаш” партиясын сүрөп, алгылыктуу сөздөрдү айтты. “Бул партияда сенин байкең Элмурза баратат” деген жылуу кабарды угузду. Мен экс-башкы прокурорго качан жолукканымды эстей албай койдум. Бирок, мыкты адам экени жадымдан өчпөптүр. Турмуш ушундай оош-кыйыш да. Биздин көкүрөктө баары бир кыйбас сезимдер бар экенине бөркүмдөй ишенем. Мен толкундангым келди. Аныгында, тоодой болгон Элмурза байке бийиктикке да чыкты, караңгылыкка да түштү. Бир калыбынан жазган жок. Артында сыйлаган, бир тыйын албай колдой турган калың катмар бар. Ошолордун катарында болгонума сыймыктанам. Себеби, бул инсан адамдардын жандүйнөсүнөн орун алган. Жүрөктө көптөр жашабайт эй!

Тектир кептен урганда, Жалал-Абад, Ош тарап, Өзгөн району о.э. Кыргызстандагы жигиттик мүнөз күткөндөр Элмурза Ракиевичке добуш беришет. Анан калса волейбол курама командалары, спорт сүйүүчүлөрү бар. Аздектеген катмардын бир бөлүгү ошолор. Үйдө жатып деле 50 миң добушту алат... Өмүр таржымалы ушул ийгиликти жаратты да... 

Бизге “чимкириктер” эмес, дал ушундай артында изи бар, калдайган генерал Элмурза Сатыбалдиев керек! Баскан жолун барктайлы...

Асланбек Сартбаев, "Азия Ньюс" гезити

 

Последние новости