www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-августа президент Сооронбай жээнбековдун катышуусунда онлайн кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кеңешмеге Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов катышып, коронавирус пандемиясынын шартында макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар талкууланды.
2020-жылдын январь айынан тартып 3 миллиарддан ашык сом коммерциялык банктарга берилип, калкка 10-14% насыя түрүндө таратылды. Коммерциялык банктар үчүн насыялар 1 миллиард сомго чейин кеңейтилди. Пандемиянын терс таасирин азайтуу максатында коммерциялык банктарга 400 млн. сомдон ашык насыялар берилди. Пандемия шартында ипотекалык, кичи жана орто бизнеске насыя берүүнү кеңейтүү үчүн "Керемет Банкка" 1,5 млрд. сом, ишкерлерди колдоо максатында "Кепилдик фондуна" миллиард сомдук кошумча капитал бөлүндү.
Улуттук банктын 2019-жылдагы 2,5 миллиард сомго бааланган бардык кирешеси 2020-жылдын июлунда мамлекеттик бюджетти колдоого багытталды. 10% же 256 миллион сому өлкөнүн каржы секторун колдоо үчүн өкмөттүн резервин түзүүгө сарпталды.
Мындан тышкары, Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат.
Булак: NazarNews.kg