www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келген Мальдив Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту.

БШКдан билдиришкендей, Мохамед Захид Кыргызстан жаш мамлекет болгонуна карабастан акыркы жылдары байкаларлык өнүгүүгө жетишкенин баса белгиледи. Алдыдагы шайлоонун Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтып, анын ачык-айкын жана адилеттүү өтөрүнө ишенимин билдирди.

Тынчтык Шайназаров шайлоону жогорку деңгээлде уюштурууга бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Ал маектешин шайлоо реформасынын негизги багыттары менен тааныштырып, реформанын максаты – шайлоо процедураларын ачык жана ишенимдүү кылуу, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктарын коргоо экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстерин уюштурууга байланыштуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда Мохамед Захид кыргыз тарапты 2026-жылдын апрель айында Мальдив мамлекетинде өтө турган жергиликтүү шайлоолорду байкоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.

Последние новости