www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-мартта өз жыйынында Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;

- Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Бакыт уулу Кыялбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орозбаев Абдиманнап Адилбековичке өткөрүлүп берилди;

- Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Тургуналиев Али Тургуналиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атакеев Ормонбек Абазбековичке өткөрүлүп берилди;

- Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңешинин депутаты Барсанаева Гулчакан Меймашевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Коңурбаев Абдыбалы Абдырахмановичке өткөрүлүп берилди;

- Кербен шаардык кеңешинин депутаты Дербишов Нуркалый Адишовичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Наркулов Садырмат Айтыкуловичке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Беделбекова Алымкан Усонгазийевнанын (“Тынчтык” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алашова Инна Сазыковнага (“Тынчтык” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешиндеги бош мандат Үтүров Бакытбек Шакировичке өткөрүлүп берилди;

- Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаттары Тагайбаев Бейшенали Торобаевичтин жана Шерменбетова Минавар Турдалиевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде токтотулду;

- Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Азимбаева Анаркан Кыдыровнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыгапар уулу Нурбайга өткөрүлүп берилди;

- Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Султанказиева Рахат Табышевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сайбекова Айнагуль Амановнага өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаты Джумаза Есер Вундировичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Вудуян Юсур Щилазовичке өткөрүлүп берилди;

- Кочкор районунун Ормон-Хан айылдык кеңешинин депутаты Исраилова Анаркүлдүн ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Калдарова Элина Анарбековнага өткөрүлүп берилди;

- Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Махмутбекова Нурбурак Шамилбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абыкешова Жылдыз Асамединовнага өткөрүлүп берилди;

- Кочкор районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абласова Салтанат Табылдиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Исмаилова Нурзат Ыбырайымбековнага өткөрүлүп берилди;

- Талас районунун Каракол айылдык кеңешинин депутаты Жаналиева Гүлнара Сагынбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Темиралиева Магира Эшенкуловнага өткөрүлүп берилди;

- Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаты Абдыраева Асель Нурлановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дуйшеева Назира Касымбаевнага өткөрүлүп берилди;

- Жети-Өгүз районунун Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Ниязбек уулу Кубандын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абылбек уулу Чыныбекке өткөрүлүп берилди.

 

Последние новости