www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-декабрда, Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамырканов Бекзат Тынчылыковичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун С. Чокморов айылдык кеңешинин депутаты Роговская Мария Олеговнанын ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бекботоева Гульнара Раимкуловнага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тыныбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду;
- Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Исаков Жоодар Тологоновичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдрасулова Венера Майрамбековнага өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбековичтин («НДПК» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Заиров Хасан Калиловичке («НДПК» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Набиев Назарбек Раимбековичтин («Таза коом» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Исабеков Бекмырза Нурдиновичке («Таза коом» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдилазиз Асановичтин («Ынтымак» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Жумагулов Талантбек Абдыкуловичке («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаты Исманов Ысакбек Полотбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду.
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Дубанаева Токтокан Тешебаевна Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими анын жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.