www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын айтымында, кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт:
"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет. Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт".
4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары алган. Булардан тышкары 7% босогону "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары басып өткөн.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон башка партиялар 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Ошондой эле, мамлекет башчы элди укуктук талаага кайтууга кайтууга чакырууда.
Булак: NazarNews.kg