www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 5-октябрдан баштап шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 12 партиянын өкүлдөрү аянтка митингге чыгышкан. Жыйынтыгында өлкө кароосуз абалда калып кырдаал курчуп кетти. Митингдин уюштуруучулары кызмат талашуу менен убара.
Тилекке каршы чет мамлекеттер Кыргызстанга болгон терс пикирлерин жазышууда. Көпчүлүк жазылып жаткан шилтемелерден кыргызстандыктарды, “апокалипсис”, “жапайылар”, “маданиятсыз”, “каргыш тийген калк” деген сөздөрдү көрүүгө болот.
Баарыбызга белгилүү болгондой учурда мамлекетте талап-тоноолор күч алды. Ак үй толугу менен жараксыз абалга кептелди. Социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар ого бетер күч алууда. Так ушул таптарда бир тууган Ислам менен Руслан Матраимовдор “чет өлкөгө чыгып кетти” деген сөздөр тарады.
Биздин ишенимдүү булактар Ислам менен Руслан Матраимовдор Кыргызстанда экендигин билдирди.
Булак: NazarNews.kg