www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тыныбекова 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта япониялык Юкако Каваи менен кез келет.
Бүгүн, 4-августта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта ал япониялык Юкако Каваи менен кез келет.
Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин румыниялык жана литвалык спортчуларды жеңген. Кыргызстандык балбан кыз таймаштарында атаандаштарына бир да упай алдыра элек. Анын 24 жаштагы япониялык атаандашы 2019-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Айсулуу менен күрөшкөн Тайбе Мустафа Юсеинди утуп, финалга жолдомо алган. Спортчулар буга чейин бир нече ирет кармашкан.
2019-жылы дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңиш япониялык тарапта болгон. Олимпиаданын финалдык беттештери саат 16:30да башталат.
Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.
Булак: NazarNews.kg