www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Юпитер менен Сатурн планеталары биригет

Бүгүн, 21-декабрдын кечинде, Жердин жашоочулары жүздөгөн жылдарда бир гана жолу болчу көрүнүшкө күбө болот. Тагыраагы, Юпитер менен Сатурн планеталары биригет. Бул тууралуу Москва планетарийи маалымдады.

Биригет дегенибиз, экөө бири-бирине максималдуу түрдө жакындап, жерден караганда кош кабат жылдыздай болуп көрүнөт. Мындай көрүнүш 794 жыл мурда болгону айтылат.

"Бекеринен бул жылдын эң узун түнүнө туш келген жок. Башынан эле бул эки планета жакындап, "кош кабат" көрүнүп калганда "узак түндүн жылдызы" деп аталып келген. Аны көрүү үчүн күн баткан соң бир сааттан кийин горизонттун түштүк-батыш тарабын карап туруу керек. Негизи булар декабрь аяктаганга чейин көрүнө берет. Бирок бүгүн эки планета эң жакын абалга келет. Андан соң алыстай баштайт", — дешти астрономдор.

Мындай кызыкты көз менен деле көрсө болот. Бирок дүрбү же телескоп менен эки планета даана көрүнүп, ого бетер кызык болору айтылат.

Маалыматка караганда, Юпитер менен Сатурн ар бир 19,6 жылда бири-бирине жакындайт. Бирок бүгүнкүдөй жакындашуу өтө сейрек кездешчү астрономиялык керемет болуп эсептелет. Келерки жолу Жердин жашоочулары мындай көрүнүшкө 2080-жылдын 15-мартында күбө болушат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости