www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Канат Исаев шайлоо жарышына формалдуу түрдө гана катышат, чын-чынына келгенде ал реалдуу күрөштөн баш тартты. Мындай пикирин КТРКнын мурунку башкы директору Илим Карыпбеков билдирди.

“Исаев өзүнүн PR командасынын негизги бөлүгүн таркатып, жарнама агенттиктери менен келишимди бузду. Демек ал жарышка формалдуу түрдө гана катышат. “Кимдир бирөөлөр” Исаевге басым жасоочу рычаг тапкан өңдүү. Дагы бир талапкерден кол жуудук”, - деп жазган Карыпбеков өзүнүн Твиттер-аккаунтунда.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого чейин үгүт иштери жүрүп жатат. Жаңы президент үчүн добуш берүү 10-январга белгиленген. 18 киши президенттикке талапкер болуп катталды.

Канат Исаев президенттикке талапкерлердин бири. Ал Кыргызстан партиясынын лидери. 2017-жылы Исаев дагы президенттик шайлоого катышкан, бирок кийинчерээк Өмүрбек Бабановду колдоп, талапкерлигин жарыштан алып салган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости