www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү аталган өлкөдө көзөмөлдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"COVID-19дун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кетти жана адамдар вируска ээ болгондой иш-аракет кылышы керек. Айрыкча Англиянын эң жогорку чектөө коюлган аймактарындагы адамдар", - деген Хэнкок.

Министр белгилегендей учурда COVID-19 жаңы жугуштуу варианты тез жайылып жатат.

"Коронавирустун бул түрү чоң көйгөй жаратты. Бул коркунучтуу инфекция, биз аны көзөмөлдөп турушубуз керек болчу. Бирок жаңы COVID-19 мутациясы тапшырманы татаалдаштырды", - деп кошумчалаган ал.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган. Өз кезегинде дүйнөнүн 20га жакын өлкөсү Улуу Британия менен болгон байланышты токтотушту.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости