www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-майда Кыгызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» бекеттеринин ортосундагы нейтралдуу аймакта жолугушуусу өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасындагы абалды турукташтыруу боюнча маселелер талкууланган. Натыйжада тараптар бардык маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, ошондой эле 2021-жылы 30-апрелде саат 13:00дон тартып чек арадагы аскерлерди жана аскердик техникаларды мурдагы ордуна чыгарып кетүү каалоосун жана ага даярдыгын билдиришкен.

Ошондой эле 1-майда Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жолугушуусун өткөрүү чечими кабыл алынган.

Кыргыз-тажик чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчиси астында түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жумушчу топтор түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости