www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий куугунтук менен түрмөдө жатат делген кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү саясатчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 51 жашка толду.

Жапаров 1968-жылы, 6-декабрда Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Ал айрыкча, “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүчү “Centerra Gold”  компаниясынын кыргыз элине, кыргыз журтуна, мамлекетке зыяны чоң экенин айтып чыгып гана тим болбостон, азыркы күнгө чейин өз оюнан, позициясынан кайтпаган дээрлик жападан жалгыз депутат катары кыргыз элине белгилүү болгон саясатчы.

Садыр Жапаров 1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири (!) болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.

994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын башчысы;

1996-2001-жылдары "Гузель" ишканасынын генералдык директору;

 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан "Нурнефтегаз" нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган, юрист.

2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен.

2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.

2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген.

2013-жылы депутаттык мандатын ташырган. Муну бир гана саясий серепчилер эмес, коомчулуктун калың катмары “бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган" деген ой-пикирлерин айтышкан.

Садыр Жапаров учурда түрмөдө.

Садыр Нуркожоевич!

Кайда болбосун эсен болуңуз, оорубаңыз! Эртеби-кечпи, эркиндикке чыгасыз жана кыргыз эли үчүн дагы да чындыкты чыркыратып иштеп берээриңизге ишенебиз!

Туулган күнүңүз менен! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости