www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва метросунда аялды куткарып калган мекендешибиз Марат Исаевди “Деловая аудитория” журналы өз версиясы боюнча “ Жыл адамы” деп табышты. Бул жөнүндө Орусиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, “Деловая аудитория” журналы жыл сайын Орусиядагы ишмердүүлүгү боюнча айырмаланган мекендештерге сыйлык тапшырат. Сыйлыктар 2016-жылдагы Орусиянын саясий, маданий, социалдык жактан, ишкердүүлүк жаатында ийгилик жараткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө тапшырылды.

Жылдык азем 2019-жылы 3-декабрда Москва шаарында өттү. Уюштуруучу Эл аралык ишкерлер ассоциациасынын жетекчиси, “Деловая аудитория” журналынын директору Кубанычбек Осмонбеков болсо, "Деловая Аудитория Awards – 2016" сыйлоо аземинин   башкы өнөктөшү Family Village курулуш компаниясы болду.  Сыйлыктын ээлерине алардын ысымдары жазылган атайын статуэткалар жана Family Village компаниясынын долбоору астында батирлерди  сатып алуу үчүн  3миң долларлык сертификаттар тапшырылды.

“Жылдын мамлекеттик ишмери” номинациясы сыйлыгынын ээси элчи - Болот Отунбаев болду. “Жылдын адамы” Москва метросунда Орусиялык аялды куткарып калган Марат Исаев болду. Ал эми  “Жылдын мекендеши” болуп, “Город 312” тобунун солисткасы Светлана Назаренко табылды. Сыйлыктын ээлеринин урматына Орусиянын жылдыздары ырдап беришти.

Эске сала кетсек, 2016-жылы 11-февралда “Красносельская” бекетинде аял метронун рельсине түшүп кеткен. Орус полициячысы менен Кыргызстандык Марат Исаев аны куткаруу үчүн өз жанын тобокелге салышып, поезд келгенге бир нече секунд калганда аялды чыгарууга жетишишкен. Маратка ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаев акчалай сыйлык жана анын ысымы жазылган саат белек кылган. Kyrgyz Concept компаниясы Маратка Москва-Кыргызстан-Москва  багытында авиа билет тартуулаган эле.

Последние новости