www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда  бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен  20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң) сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБне, Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. 

Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.  

Тергөө тарабынан берилген тапшырманын негизинде криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада шектүү Сузак районунун 1997-ж.т. М.Ф. аттуу тургунун Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен  кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын аймагында 11-17-ноябрь аралыгында катталган дагы жалпы суммасы 50 000 (элүү миң) сомдук 4 уурулук жасагандыгы аныкталып, ал бул жосундарды өзүнүн кылмыштуу шериги  Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. М.М. менен бирге жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген. 

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жана ыкчам издөө иштери  жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости