www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күн мурда «Азаттык», «Клооп» баштаган ММКлар Кыргызстандан мыйзамсыз, аткезчилик жол менен миллиондогон АКШ доллары сыртка чыгарылып жатканы боюнча жаңы иликтөө жарыялаган болчу. Анда маек берген Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы эки офицери — майор Айбек Камчыбеков жана улук лейтенант Марлис Осмонбеков 2018-жылдын аягында "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине кезек башчылыкка бекитилишкенин, иштеп жаткан чакта миллиондогон акчалар аэропорттон эле мыйзамсыз сыртка ташылып тураарын билип, ага каршы иликтөө иштерин баштаганда кызматтан алынышканын, демек аткезчилик схемасына бажы кызматындагылар менен чек ара кызматынын жогорку жетекчилиги тарабынан уруксат берилип турганын, анын баары бекер болбогону тууралуу жаңы фактыларды айтышкан болчу.

Кечээ болсо Чек ара кызматынын маалымат кызматы ал эки аскер кызматкерине Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталганын, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп, аларга карата издөө жарыяланганын тастыктады. Сөз менен иш коошпогон бийлик элдин ишеничинен күн санап чыгып жатат.

Булак: Фабула

 

Последние новости