www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башка өлкөдөгү  кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрли маалымдады.

Маалыматка караганда,  25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Анда,  чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт.

Мындан тышкары, консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлөт. Андыктан,  онлайн ыкма аркылуу катталууну каалагандар көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейээри айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости