www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда бүгүндөн тарта коронавируска каршы "Спутник V" россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды. Бул туурасында Sputnik Казакстан билдирди.
Вакцинация ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Февраль айында 112 миң доза, мартта 150 миң, ал эми апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан алып келинип турат. Ошондой эле апрелде Казакстанда чыгарылган QazCovid-in препараты менен 75 миң доза көлөмүндө иммундаштыруу башталат. Андан кийинки айларда 500 миңге көбөйтүлөрү айтылат.
"Спутник V" менен биринчи кезекте медиктерди, мугалимдерди, полиция жана аскер кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүшмөкчү.
Кечээки статистика боюнча, Казакстанда бир суткада 1 342 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Маалыматта Акмоло жана Павлодар облусунда ооругандар көп катталган.
Булак: NazarNews.kg