www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүткүл дүйнө COVID-19 менен алек болуп турган учурда, Кытайда Нипах аттуу вирус жайыла баштады. Вирус дүйнөгө дагы бир пандемияны жаратып жатканы айтылууда. Учурда анын өлүм көрсөткүчү 75 пайызды түзөт. Бул тууралуу tarjumon.uz сайты кабарлады.
«Нипах вирусу жаңыдан пайда болуп жаткан жугуштуу оору, бул өтө кооптонууну жаратат. Нипахты каалаган убакта таратса болот. Вирус дары-дармекке туруктуу болушу мүмкүн”, - деди Джейасри К Иер, Голландияда жайгашкан Медициналык Фонддун аткаруучу директору.
Нипах - сейрек кездешүүчү вирус, мөмө жеген жарганаттар аркылуу жайылат. Ага чалдыккан адамдар сасык тумоого окшогон белгилерди же бейтаптардын мээсине зыян келтириши мүмкүн. ДССУнун маалыматы боюнча, Нипах энцефалитти (мээнин олуттуу оорусу) же мээнин сезгенишин шартташы мүмкүн.
2018-жылы Нипах вирусу Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында дагы жайылып, ал жерде 17 адам оорудан көз жумган. Андан бери Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр Кераладан тоңдурулган жана иштетилген жашылча-жемиш азыктарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салышкан. Ошол учурда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Пальма ширесин ичкен адамдар үчүн Бангладеш менен Индиядагы Нипах эпидемиясын айыпташкан.
Булак: NazarNews.kg