www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги өтпөй калды

Сооронбай Жээнбековду колдоо митинги өтпөй калды. Бул тууралуу жигерчилер билдирди.

Алардын айтымында, митинг катышуучулары кагылышуу болуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Мындан тышкары ордо калаабызда өзгөчө кырдаал киргизилгенин айтышты.

«Митинг уюштуруучулары болгону чогулуп, президенттин жөн гана узатышмак. Бирок өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен, митинг уюштурууга тыюу салынган, мындан тышкары акция убагында ар түрдү чагымчылык чыгып кетеби деп кооптонуп жатабыз», — дешти активистер.

Эске салсак, бүгүн, 16-октябрда Жеңиш сейил багында Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өтмөк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости