www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин азыркы бийлик мындан 100 жыл илгерки орус саясатын айныбай жүргүзүп келе жатат. Ал кезде элди таптарга бөлсө, азыр региондорго, партияларга бөлүп алып өз үстөмдүгүн орнотуп атат. Кыргыз элитасын калпып камакка алуу, кесипкөй адистерге жумуш бербей, же ал жакшы билген тармактан алыстатуу менен бийлик бутактарына буйрукту гана аткара турган эчкандай жеке ою жок , патриоттук сезими жок, жөндөмсүз адамдарды коюп жатат. айыл чарбасын, өндүрүштү , өнөр жайын аз да болсо сүйөмүлүп алга жылдырып элге жумуш орундарын түзүүнүн ордуна, жалаң гана карыз алуу, эмгекке жарамдуу жаштардын чет жерде иштеп калуусуна аракет кылуу менен гана чектелип атат. Тышкы мамилелерде болсо бир эле Россияны карап, ал демилгечи болгон альянстарга гана мүчө болуп жатабыз.

Бирок биздин бийлик бир нерсени эске алган жок. Дүйнөдү бир да өлкө Россия менен алгылыктуу мамиле кылбай, Европа менен Америка орустарга болгон санкциясын күн санап күчтөп атат. Ал эми Чыгышта болсо Кытай менен достук мамиледе болобуз дешкени менен ал да түсүн үйрүп кеткен экен орустардан алда качан. АКШ Европага суюлтулган газ менен камсыздоо үчүн деңиз транспортторун жасап берүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылган, ал өтүнүч орундалып анын алгачкы танкери сатылган АКШга. Эми көп болсо 2 жылда толук Европаны газ менен камсыз кылса , Россия экономикасы кескин төмөндөйт. Орустардан Кытай да газ менен нефть алгандан караманча баш тартты. Андан көрө Индия, Иран , Пакистан менен келишим түзүү артык деп чечип, келишим да түзүлдү ал мамлекеттер менен.

Ушундай шартта биздин Россия менен болгон ысык мамиленин арты кооптуу болбойт деген кепилдик эч такыр жок. Россия ресурстук мамлекет, анын бюджети дээрлик 90% газ менен нефтиге байланган, ошол колунда бар ресурсун сата албай калган учурда биздин Кыргызстандын акыбалы кандай болуп калышын аңдап коюш ушунчалык эле кыйынбы ?

Россия бизге стратегиялык өнөктөш мамлекет дегени калп экен го, Канттагы авиабазасын алып кетип атат. Кокус бир жактан террористтер бастырып кирсе жардам берет дегендин өзү акылсыздык. Ал нерсенин артында толгон коркунучтуу, ызы чуулуу иштери бар экендиги кимге жашыруун. Максаты эле биздин мамлекетти дистабилдештирип, жасалма конфликттерди жаратуу экен го.

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости