www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул блеф эмес. Путин НАТОну ачык эле коркутту

НАТО Орусияны өзөктүк шантаж менен коркутат. Демек, расмий Москва өзөктүк курал колдонсо да элин коргойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуусунда билдирди.

«Батыш бардык чек араларды кесип өттү, биз тынымсыз коркутууларды угуп жатабыз. Курск жана Белгород облустарында теракттар азыртадан эле жасалып жатат», - деди Путин.

Орусиянын президенти НАТО өлкөнүн түштүк чек араларында чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

«НАТО Орусиянын түштүгүндө чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Алар Орусияны согуш талаасында жеңүү керек деп ачык айтышат. Ядролук шантаж да күчүнө кирди. Мындай билдирүүлөрдү жасагандарга эскертип кетейин, биздин өлкөдө да андай куралдар (өзөктүк курал – ред.) бар. Элибизди коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонобуз. Бул блеф эмес. Биздин көз карандысыздыгыбыз жана эркиндигибиз бардык чаралар менен камсыз кылынат», - деди Путин.

Ал Орусияны өзөктүк курал менен шантаж кылууга аракет кылгандар кырдаалды өз нугуна бурушу мүмкүн экенин эскертти.

Эске салсак, Путин элге кайрылуусунда Орусияда жарым-жартылай аскерий мобилизация жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости