www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" согушкерлери Памир менен чектеш Сарат деген жерге чейин келишиптир. Бул тууралуу Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер билдирди.  

2002-жылы НАТО күчтөрүнүн катарында Ооганстанда согушкан, учурда Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер памирлик кыргыздар Тажикстандын аймагына кире качканын, кыргыздардын арасында коронавиурс менен ооругандары бар экенин айтты.

- "Талибан" кыймылынын согушкерлери Памир менен чектеш Сарат деген жерге чейин келгени айтылып жатат. Алар кыргыздардын мал-жанын санап, жазып кеткени белгилүү болду. Талибдер кыргыздарга "коркпогула, тийбейбиз" дешиптир, бирок Памир деген тоонун башы. Мен акыркы жолу өткөн апталарда сүйлөшкөнүмдө, Памирдеги туугандар "Тажикстандын Сарыкол, Мургаб аймактарына кире качтык" деп айтышкан. Андан бери байланыш жок. 

Учурда Бадахшандын Файзабад деген жеринде жашаган кыргыз үй-бүлө оор абалда турат. Ал районду талибдер алып коюшкан. Кыргыздар менен сүйлөшкөнүмдө, "кырдаал курч, көчөгө чыга албайбыз, мамлекеттик кызматта иштегендерди куугунтуктап жатышат" деп айтышты. Паспортторду колуна алгандар менден жардам сурашты", - дейт жетекчи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости