www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июлда парламент президент демилгелеген «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатат. Анын жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов аталган мыйзам долбоорун талкуулоону токтотуп, кайра иштеп чыгууга же биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүүнү сунуштады.

Ал мыйзам долбоору 3 күндөн бери талкууланып жатканын, талаш-тартыштар көп экенин, күн тартибинде башка дагы маанилүү мыйзам долбоорлору бар экенин белгиледи.

Аны депутат Евгения Строкова колдоп, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керек экенин айтты.

«Кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл жана биздин демократияны күч менен басуу үчүн тажрыйба алууга Түркмөнстанга баруунун пайдасы жок. Азыр атайын статусу бар саясатчыларды шайлоого катыштырбоо үчүн камап жатышат», - деди Строкова.

Анын айтымында, бир мандаттуу аймактарда депутаттар эмес, «смотрящийлер» шайланат.

«Биз бийликти узурпациялоого бара жатабыз. Келгиле мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгалы. Гендердик тең укуктуулукту дагы эске алуу керек. Макул, депутаттардын санын токсонго чейин кыскарттык. Депутаттар аз болсо, ошончо жакшы болот деп, элдин башын айландырышты. Депутаттар аз болсо, аларды бир муштумда кармап туруу оңой. Ката кетирип албайлы», - деди Строкова.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутат Айбек Осмоновдун сунушун добуш берүүгө койду. Бирок анын демилгеси өтпөй калды жана талкуу уланды.

Талкууга жалпы 37 депутат жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости