www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан.

2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген.

Бирдиктүү округ боюнча 55 депутатты шайлоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр:

55 депутат колдонуудагы пропорциялык тутум боюнча шайланат.

Мында мыйзам долбоору менен ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добушунун региондук босогосу 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө

(64-берене). Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партия 55 талапкерден ашпаган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин көрсөтөт.

(60-берене). Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн төмөнкү квота сакталууда.

(64-берене). бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашпоосун; - 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости