www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун губернатору Каныбек Осмоналиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп иштеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын жарыялаган. Анткени, анын айтымында, катуу кысым болууда. Ошондой эле, ал Президенттик Администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов акыркы учурда бийликти басып алып, Садыр Жапаровду жаман атты кыла баштаганын билдирген.

Бул боюнча анын бир тууган иниси, Ош облусунун губернатору Жарасул Осмоналиев эч нерсеге түшүнбөй калганын айтты.

«Мен агамдын маегин окуп, билдирүүлөрүнө абдан таң калдым. Ал эмнегедир Сүйүнбек Касмамбетовго асылыптыр. Ал мени кызматтан алып салышты дептир, бирок мен иштеп эле жатам, кетүү тууралуу ой деле жок. Мен агам менен байланышууга аракеттендим, бирок болгон жок. Мен анын жубайы, баласы менен байланыштым, эч кимиси иштен кетишпептир, баары мурдагы ордуларында тынч эле иштеп жатышат», - деди ал.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиев бийликтин кысымы бир тууган инисин кызматтан алып койгонун жана уулу менен аялына да «иштен кет» деген талап коюлуп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости