www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун уулу майда бейбаштыкка шектелүүдө.

Социалдык тармактарга белгисиз жигиттин кыз киши менен урушуп жаткан видеосу тарады. Видеодо жигит кыздын колунан жана чачынан тартып жатканын, ал эми кыз бардын артына качып жатканын көрүүгө болот.

Видеонун автору кол салган жигит – Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Нуригман Зулпукаров экенин айтууда. Анын атасы учурда Кумтөрдөгү коррупцияга шектелип, УКМКнын абагында кармалууда.

Бүгүн, 15-июлда АКИpress агенттигине Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берген. Ага ылайык, 6-июлда РИИБге И.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 6-июлда болжол менен саат 18:20 чамасында Киев көчөсүндөгү кафедеги жумушуна Н. аттуу таанышы келген. Ал агрессивдүү болуп, ортодо пикир келишпестик жаралган. Н. кызды кемсинтип, күч менен бардын ары жагынан алып чыгууга аракет кылган.

Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен катталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алышкан. Ал 2000-жылы туулган З.Н. экени белгилүү болгон. Шектүү жабырлануучу менен мектептен бери тааныш экенин билдирген.

Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости