www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге карата шайлоодо акчалуу партиялардын арасында атаандаштык катуу жүрдү. Өзгөчө “Биздин Кыргызстан”, “ Социал-демократтар” жана “Өнүгүү” партияларынын ортолорунда миллиондорду сапыруу таймашы чегинен чыгып, толкуп-чалкып кетти. Тийешелүү органдар мыйзамсыздыктарды иликтөөдө кашаңдык көрсөтүшкөнү белгилүү. Кызмат, мандат үчүн коммерсанттардын жулунушканы жакшылыкка алып барбайт эмеспи.“Биздин Кыргызстанды” депутат Айбек Осмонов кирдүү каражаттары менен сүрөп, Ош шаарында жеңишке жетишти. “Өнүгүү” да эдиреңдеген бойдон теминип барат, Төрөбаевдин байлыкка марыган кланы ээ-жаа беришпей, сатып алуу саясаты жагынан алдыга озсо, акыры мүдүрүлүп жыгылчу ыңгайды сезишкен жок.

Ал эми “Ата Журт Кыргызстан” Камчыбек Ташиевдин деми менен катуу удургуп, булар да административдик жана каржылык ресурс аркылуу даң салып турушту. Бир чети күзгө карай саясый майдандын тазалануусу, олигархтардын өкүмзордугу талданып, ар кимиси өз кылган иштери үчүн жоопкерчиликке кабылышса, адилеттүү баа берилип калар. “Багы жокко дагы жок” дегендей, кайталап 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине шайлоо өттү. Алдыртан эле бай партиялар тытынышып, мандат үчүн өлгөнү калгандай жанталашып турушту. “Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы”, бактыларынан көрүштү. Бишкекте «Эмгек», «Ата-Журт», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү», Атамбаевдин уулдары чыкты. Ошто «Ата-Журт», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», жана «Бир бол» чыгышты. «Алдыга чыккан партияларды толук кандуу өттү дегенге болбойт”, - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Балким ага жакпаса кайра шайлоо өткөзүп жиберер.Эмне мамлекеттик бюджеттин миллиондору кетип жатат да.  

2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоого 185 миң 826 жаран катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 30,9 пайызын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген. Апрелдеги болуп өткөн кезектеги шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүсү көбүрөөк болгон. Жалпысынан 3 шаар боюнча 36 пайыз шайлоочулар катышкан, ал эми бул жолу 30 пайызга жетти.

Азыр алдын-ала жыйынтыктар чыкты. Электрондук түрдө жана кол менен дагы саналды. 24-июлга чейин дагы толук жыйынтык чыгат. Алдыга чыккан партияларды шайлоодон өттү дегенге эрте. Себеби айрымдары мыйзам бузду. Шайлоого байланыштуу кылмыш иши катталды. Жыйынтык чыкканда гана баары билинет.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүп катуу туруп берди.

Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоонун бардык жагдайларына токтолду. Шайлоону өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоону, коомдук тартипти сактоону, шайлоо тилкелеринде шаймандары менен кайтарууга алууну, шайлоо тилкелеринде шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун бекем сактоону да күчөттү. Ал ошондой эле шайлоодо добуш сатып алууну, административдик ресурсту колдонууну жана шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алып жана ага бөгөт коюу максатында иш-чараларды колго алууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүнү да ишке ашырды. Ошондой эле министр:

  • Жарандарга сервистик кызмат кылуунун сапатын жогорулатуу, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынып, жарандарга мамиле кылуунун сапатына көңүл бурулсун;
  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларына күчөтүлгөн негизде көңүл бурулуп, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында пропаганда иштери күчөтүлсүн;
  • Кыргызстандын аймагына келип жаткан туристтерге сылык мамиле жасап, себепсиз токтотуудан, туристтик аймактарда алдын алуу боюнча кайгуул кызматтары натыйжалуу иштерди алып барсын;
  • Жергиликтүү бийлик органдары, медицина, өзгөчө кырдаал кызматтары менен бирге эл арасында эпидемиологиялык абалдын курчушуна түрткү болгон жагдайларга, адамдардын саламаттыгына көңүл кош мамилеге бөгөт коюу боюнча эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен түшүндүрүү иштери алып барылсын;
  • Коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштеринин солгундап кетишине жол бербөө максатында кызматкерлердин беткап тагынып жүрүшүнө, санитардык нормаларды так сактоолоруна ар бир жетекчи тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын;
  • Кызматкерлер арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмдөөдөн өткөрүү иштери уюштурулсун.
  • Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда жана шайлоого чейинки үгүт иштеринде укук бузууларга бөгөт коюу, аныкталган мыйзам бузууларга катуу чаралары көрүлсүн;
  • Андан тышкары, кызматкерлердин саясатка жана шайлоого аралашуусуна жол берилбесин.

Бул шайлоону таза жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМ менен БШКнын кызматкерлери координациялык топто ишмердүүлүгүн башташып шайлоону тартип түү өткөзүүгө тыгыз иш алып барышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости