www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тууну өзгөртпөй, аны жайына коюш керек. Бул тууралуу NazarNewsка драматург Бурул Калчабаева пикирин билдирди.
— Жогорку Кеңеште айтылган, тогуз толгонуп, далай жолу талаш-тартыш талкуу болуп, элдин каада-салтын эске алуу менен бирге Манас атабыз мекенди коргоп, жоого аттанганда кандай түстөгү туу көтөргөн, мына ушунун баары, майда-баратына чейин эске алынып, атайын комиссиянын курамынан өтүп анан кабыл алынган.
Туунун түсүнүн, андагы күндүн, түндүктүн көтөргөн жүгү бар. Тикенектей тик сайылбай, күндүн нуру сыдырым желге желбиреп бизге жетип жылытып турганы жакшы эмеспи! Кыргыз баласы деги эле тик бурчтан качкан. Тууну жайына коюшсун, андан башка маселе толуп жатат. Тууну коюп эл өкүлдөрү коомдогу көйгөйлөргө көңүл бурушса жакшы болот эле.
Булак: NazarNews.kg