www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 40 миң долларды  бут кийимине  катып,  чек арадан алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Андижандагы бажы өткөрүү бекетинен өтүп бара жатып, кроссовкасынын ичине 40 миң долларды катып алган адам бажы кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Өткөрүү жайынан шек жаратканы үчүн  жаранды тинтүүгө алышканда, бут кийиминин ар биринен 20 миң доллардан акча табылган.

Учурда  ал акчаны мыйзамсыз түрдө алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Өзбекстандын "Валютаны жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, өлкөдөн улуттук жана чет элдик валютаны чыгаруудагы чек жеке адамдарга 100 миллион сум деп коюлган. Бул 10 миң 500 долларды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости