www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кызматты аркалаган Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Динара Кубанычбек кызы тажрыйбасында болгон кызыктуу окуялары жөнүндө аймактык кабарчыга айтып берди.

Динара Кубанычбек кызы 1979-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. 1996-жылы орто мектепти бүтүрүп, Нарын медициналык окуу жайынан дарылоо иши адистигин алып чыккан.

Жакшы менен жаман коштоп жүрөт

- Окуу жайды бүткөндө өз айылыма барып иштеп калдым. Эмгек жолумду мектепте баштадым. Анда медайым болуп 3 ай иштедим. 2000-жылдан баштап Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүндө иштеп келе жатам. Биз дарыгерсиз иштейбиз, ага дагы көнгөнбүз. Бөлүмдө жалпы 4 фельдшер, 4 айдоочу, 4 диспетчер, 1 тазалоочу кызматкер иштейт. Биздин жумушту кызыктуу, сүйүнүчтүү, өкүнүчтүү окуялар коштоп жүрөт. Кээ бир чакырууларга барганда иттер кубалашат, айрымдар таш менен кубаласа, кээ бирөөлөр алкышын айтып, колубуздан өбүшөт.

Кесипти сен тандабайсың, кесип сени тандайт

- Нарын медициналык окуу жайын бүтүп, тез жардам бөлүмүнө келип иштеп калдым. Тез жардам бөлүмүнүн жумушунун оордугун, кыйналган адамдарды, каза болгондорду көрүп айныдым. Иштебей эле коёюн деп, Нарын мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырып алдым. Ал жакта каржы-насыя факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 4 жыл окудум. Ошол маалда тез жардам бөлүмүндө окуумду бүткүчө деп иштеп жаткам. Бирок бул жумуштун тузу оор болуп калдыбы, айтор ушул жерде калып калдым. Негизи «кесипти сен тандабайсың, кесип сени тандайт» деген чын экен.

Жамбашы менен төрөлгөн ымыркай

- Бир жолу бизди эртең менен саат 05:00 чамасында «бир эне толготуп жатат» деп чакырышты. «Тез келгиле» деп суранышты, барсам эне толготуп, төрөгөнгө даяр болуп калыптыр. Аны унаага салганга болбойт эле. Баарын даярдап, энени төрөтүп баштадым. Бирок баланын башы көрүнбөйт. Көрсө бала жамбашы менен туруп калыптыр. Ошентип ал бала жамбашы менен төрөлдү. «Ооруканага эртерээк барбайт белеңиз» дедим. Ал аял болсо «биринчиси дагы жамбашы менен төрөлгөн, араң төрөгөм» деп кебелбей айтып койду. Ал келин тону ажырабай, көпкө кыйналды. Төрөт аябай оор болгондуктан, көзүм чакчайып, жүрөгүм лакылдап жатып ишимди аткаргам.

Кандуу кырсык

- Бир жолу 1 күндө 2 жол кырсыкка чакыруу болду. Биринчи чакырууга кечинде бардык. Жеңил унаа «КамАЗдын» артына кирип кетиптир. Ал унаадагы эне менен кыз катуу жабыркаптыр. Эненин мээсинин кабыгы ачылып калып, ошол жерден эле жан бериптир. Кызынын болсо ээги кирип кетиптир. Ал кыз дагы каза болуп калды. Аларды өлүкканага киргизип отурсак эле, кайра 2 сааттан кийин жол кырсыгы болду деп чакыруу түштү. Ак-Жар айылы жакта жол оңдолуп жаткан болчу. Ал жактан өзүбүз кырсыктап кала жаздадык. Айдоочунун тажрыйбалуулугунан аман калганбыз. Ошондо дагы өз өмүрүбүздү ойлобой, жабыркагандарга шашып жөнөдүк. Окуя болгон жерге барсак, жөө адамды «КамАЗ» сүзүп кетиптир. Башы жарылып, мээси асфальт жолдо чачылып жатыптыр. Буту дагы үзүлүп кетиптир. Ошондо сөөктүн калыңдыгын жана чучугун биринчи жолу көрдүм. Милиция кызматкерлери менен бирге аны өлүкканага киргиздик.

Булак: "Турмуш"

Последние новости