www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2,5%, ал эми 2023-жылы анын темпи 2,2%га басаңдайт, деп айтылат Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) 3-октябрдагы баяндамасында. Бул туурлалуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Докладда глобалдык экономиканын басаңдашы бардык аймактарга, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасир эткени, болжолдоолор боюнча орточо өсүү темпи 3 пайыздан төмөн түшөрү белгиленген.

Мындай темп туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн жетишсиз, ал мамлекеттик жана жеке финансылык мүмкүнчүлүктөрдү андан ары кыскартып, жумуштуулуктун келечегине терс таасирин тийгизет.

"Азыр биз аялуу топторго, анын ичинде аз айлык акы алган жумушчуларга жана каржылык жактан кыйналган үй-бүлөлөргө колдоону күчөтүшүбүз керек. Алар даректүү социалдык коргоо программаларына муктаж", - деди Ребека Гринспен, ЮНКТАДдын Башкы катчысы.

Докладга ылайык, орточо кирешелүү Латын Америкасы жана кирешеси төмөн Африка өлкөлөрү быйыл экономикалык кескин төмөндөөлөрдү көрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости