www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө кризис учурунда билим алууга муктаж болгон мектеп жашындагы балдардын саны 6 жылда 75 миллиондон 222 миллионго жетти. Бул туурасында БУУнун “Билим күтпөйт” глобалдык фонду жаңы докладын  жарыялады.

“Кризистен жапа чеккен жана тез арада билим берүү тармагында жардамга муктаж 222 миллион бала менен өспүрүмдүн 78,2 миллиону мектепте окубайт, 120 миллионго жакыны мектепте окуйт, бирок математика жана окуу боюнча талап кылынган минималдуу билимди алышпайт. Чынында, башталгыч же орто мектепке барган кризиске кабылган ар бир он баланын бири гана бул билим деңгээлине жетет”, - деп жазылат фонддун маалыматында.

БУУнун талдоосу көрсөткөндөй, кризис мезгилинде мектепке барбаган балдардын 84 пайызы Ооганстан, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Мали, Нигерия, Пакистан, Сомали, Түштүк Судан, Судан жана Йемен сыяктуу узакка созулган кагылыш болгон аймактарда жашашат.

БУУнун аталган фонду учурда бул өлкөлөрдүн бардыгында активдүү иштеп жатканын билдирди.

Украинадагы согуш мектепке барбай калган балдардын санынын көбөйүшүнө алып келди. Соңку эсеп боюнча, орус-украин согушунан мектеп жашындагы 5,7 миллион бала жабыркаган.

Бул курч глобалдык билим берүү кризисине каршы туруу үчүн “Билим күтпөйт” фонду жана стратегиялык өнөктөштөр Женевада #222MillionDreams каражат чогултуу кампаниясын баштаган.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө коомчулугун 222 млн. баланын билим алуусуна шарт түзүү үчүн аталган фондго жардам берүүгө чакырды.

“Дүйнө жүзү боюнча 222 миллион баланын билим алуусу катуу үзгүлтүккө учурады. Өкмөттөр, ишканалар, фонддор жана жеке адамдар “Билим күтпөйт” фондунун маанилүү ишин колдоого алышы керек. Бизге билим берүүнү ар бир балага, бардык жерде жеткиликтүү кылууга, 222 миллион кыялды сактап калууга жардам бергиле”, - деди ал.

Маалыматка караганда, аталган фонд кризистен жапа чеккен 40тан ашык өлкөдө 5 миллиондон ашык баланын сапаттуу билим алуусун каржылап келет.

“Дүйнө куралдуу кагылышуунун, COVID-19дун жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүп жатканда, 222 миллион балдар жана өспүрүмдөр коркунучтуу учурду баштан кечирүүдө. Алар курмандык болууну эмес, өз потенциалын ишке ашырууну кыялданышат. Биздин милдет – аларга сапаттуу билим берүү аркылуу алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү", - деди “Билим күтпөйт” фондунун директору Ясмин Шериф.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости