www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Париж келишими ратификацияланса Баткен, Нарын облустарында альтернативдүү энергия булагы пайда болот. Аны ишке ашыруу үчүн 8 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу парламенттин 17-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында белгилүү болду.
Анда маалымат берген Токой чарба агенттиги Париж келишиминин алкагында, жалпысынан 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди. Мындан сырткары калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу сатылып алынмакчы.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште, “БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо” тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg