www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Томсон Пири жума күнкү брифингде Украинадагы жаңжал азык-түлүктүн кымбатташына жана дүйнөдөгү ачарчылыкка алып келиши мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Европанын "нан себети" деп аталган Кара Деңиз дан жана айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча эң маанилүү аймактардын бири. Дүйнөлүк буудай экспортунун 30%ы, жүгөрүнүн 20%ы жана күнкараманын 76% экспорту Орусия менен Украинага туура келет. Учурдагы эки өлкөдөгу кырдаалдын өрчүшү өндүрүшкө жана жеткирүү кызматына таасирин тийгизип, башка өлкөлөргө зыян алып келиши мүмкүн. Натыйжада азык-түлүк инфляциясынан миллиондогон адамдар жапа чегиши ыктымал" - деп айтылат маалыматта.

"Ошондой эле, күйүүчү майларга болгон баанын асман чапчып өсүүсү дүйнө элин ачкачылыкка алып келиши мүмкүн"- деп билдирген Томсон.

Орусия менен Украинадагы абалга, Европа менен АКШ Орусияны айыптап, аталган өлкөгө байма-бай санкция салышты. Эгер согуш токтобосо дүйнө элин чоң кризис күтүп турат деп маалымдайт адистер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости