www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевди кабыл алып, жаңы конуштардагы жер маселесине тиешелүү талаштуу көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Төрага Талант Мамытовго Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы конуштун тургундары жерлерин мыйзамдаштыра албай, кыйналып жатышканын айтып, кат менен менен кайрылышкан.

Алсак, жолугушууга катышкан конуш тургуну Жылдыз Акматова кайрылууну себебин түшүндүрүп, көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2005-жылы басып алуу жолу менен түптөлгөн конуштагы тамдардын айрымдарына документ берилип, кээ бирлери азыркыга чейин мыйзамдаштырылбай келет. Буга шаардык бийликтин тиешелүү жетекчилерин айыптаган Жылдыз Акматова азыркы тапта тамдар түртүлүп, талкаланып жатканын билдирди. Кошумчалай кетсек, аталган конуш мурдагы Декоративдүү бакчачылык совхозунун аймагында жайгашкан.

Төрага Талант Мамытов мамлекет акыркы мезгилдери жерлерди мыйзамдаштырууга өзгөчө басым жасап жатканын белгилеп, аталган маселе мыйзам чегинде, адилет чечилиши керектигин кошумчалады.

“17 жылдан бери жашап жаткан үйлөрүнө документ ала албай жаткандардын көйгөйү тыкыр иликтенип, баарына бирдей мамиле жасалышы керек. Анткени жарымына документ берип, жарымына бербей коюуну кантип түшүнсө болот? Эмнеге кош стандарттуулукка жол берилген? Тиешелүү кызматтар үйлөр алгач салынып жатканда эле карап, эмне үчүн токтоткон эмес? Андыктан, аталган маселелерди калаа жетекчиси толук текшерип, ыкчам чечип бериши зарыл”, – деди.

Ал эми “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Канат Анарбеков көйгөй менен жеринде таанышаарын айтып: “15-мартта конуштар боюнча башкы планды кайрадан кароого уруксаат берилет. Ошондо маселени көтөрүп, турак-жайларды мыйзамдаштыруу боюнча жардам берүүгө аракет кылабыз”, – деп билдирди.

Жолугушуунун соңунда Төрага берилген тапшырмалардын чечилишин өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости