www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын экс-президенти Петр Порошенко Владимир Зеленскийге колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. 

"Биз бардык дипломатиялык аракеттерди колдойбуз жана биримдикти көрсөтүп жатабыз. Бизде бийлик дагы, оппозиция дагы жок, азыр баарыбыз Украинанын айланасында биригип, элибизди коргоп жатабыз. Мен алтынчы президентти колдойм" - деп билдирген Порошенко.

Экс-президенттин айтымында, Украинадагы абалды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, ар кандай чечим кабыл алууда Зеленскийди колдоо керек.

Порошенко ынтымакта болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен гана Путинди жеңе аларын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости