www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдөгү "Сосновка" өтмөгүнөн 477 грамм баңгизат менен 58 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-мартында Аламүдүн райондук ИИБнын Тергөө кызматы менен биргеликте баңги кылмыштарын аныктоо боюнча операция жүргүзүлүп, анын натыйжасында баңги каражаттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо фактысы аныкталган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголуп сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-тергөө аракеттердин жыйынтыгнда “Сосновка” стационардык посттунда Токтогул районунан Бишкек шаарына Б.Н. аттуу жаран башкарып бараткан “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автомашинасы токтотулган.

"Унаанын жүргүнчүсү 1964-жылы туулган Т.Т. аттуу жаранды жеке тинтүүдө, шымынын оң жагындагы чөнтөгүндө, колтугунун астында жана курткасынын чөнтөктөрүндө баштыкка оролгон, кара куурай өзгөчө жыты бар, ширенке таңгактарында 30 даана күрөң түстөгү катуу заттар табылып, алынган", - деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар жалпы салмагы 477 гр түзүп, "гашиш" баңгизаты экени аныкталган.

Кармалган Т.Т. аттуу жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости