www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши (АУК) Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилери институтун колдоо максатында демилгелеген жана алдыга койгон резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, резолюциянын максаты чакан жана/же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттерге адам укуктары чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү үчүн улуттук кеңешчилер институтун бекемдөө аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат.

"Кеңеш тарабынан институтту (улуттук кеңешчилерди) тереңирээк түшүнүү Женевада аз көрсөтүлүп жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө басым жасоону күчөтүп, алардын адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүгө жана аларга зарыл консультациялык жардамды берүүгө кепилдик берет", - деди Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Омар Султанов резолюциянын долбоорун кеңештин мүчөлөрүнө тааныштырып жатып.

Кабыл алынган резолюция Кыргызстандын эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө жана өнүгүп келе жаткан, чакан жана арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган АУКтеги тышкы саясатынын гармониялуу уландысы болуп саналат.

Последние новости