www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш эпидемияга каршы даярдыктын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда COVID-19 катастрофалык кесепеттерге алып келгенин эске салды. Ошондой эле ал пандемиядан сабак алууга жана келечекте мындай өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга үндөдү.
БУУнун башчысы вирус бир нече миллион адамдын өмүрүн алып кеткенин, оорулардын саны жүздөгөн миллиондорду түзгөнүн жана айрым өлкөлөрдүн экономикасы талкаланганын, саламаттыкты сактоо системалары өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде гана иштегенин, каржылык жоготуулар триллиондогон АКШ долларын түзгөнүн айтты.
«COVID-19 адамзат туш боло турган акыркы пандемия эмес. Биз COVID-19дан сабак алып, кандай гана болбосун бардык нерсеге даяр болууга, алдын алууга жана көзөмөлдөөгө көбүрөөк ресурстарды жумшашыбыз керек”, - деди Гутерриш.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө эпидемиялык потенциалы жогору вирустарды аныктоо жана алардын жайылышын көзөмөлдөө үчүн эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн натыйжалуу механизмдери абдан зарыл. БУУнун башчысы белгилегендей, саламаттыкты сактоо системалары "жакшы даярдалган, жакшы жабдылган жана жакшы акы төлөнүүчү медициналык кызматкерлердин жардамында" туруктуу иштеп, ар кандай соккуларга даяр болушу керек.
"Ошондой эле биз бардык өлкөлөрдүн вакциналарга, диагностикага, дарылоого жана өмүрдү сактап калуучу технологияларга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздашыбыз керек", - деп белгилейт БУУнун башчысы. Андан сырткары ал жалган маалыматтарга жана жалган илимге каршы күрөшүүгө чакырып, буга илимий билимдер жана маалыматтар менен каршы турууга үндөдү.
Пандемияга каршы күрөштү айрым өлкөлөрдүн деңгээлинде жүргүзүү мүмкүн эместигин белгилеген Гутерриш, эл аралык коомчулук бул күрөштө биримдикти көрсөтүшү керектигин айтты: «дүйнө коомчулугу саламаттыкты сактоо тармагындагы алдыдагы чакырыктарга каршы турууга даяр болушу үчүн бардык өлкөлөрдү биздин аракеттерибизди колдоого чакырам»,-деди БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш.
Булак: NazarNews.kg