www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам Республикасыннын президенти сентябрь айынын орто ченинде өлкөдө болгон толкундоолорду жана баш аламандыктарды уюштурууга "эки жүздүүлөр, монархисттер жана контрреволюционерлер" катыштыгы бар экенин билдирди.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ менен Батыш өлкөлөрүн ушак-айың жана жалган маалымат таратуу менен Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларын тутантып жатат деп айыптады.

Бул тууралуу ал Тегеранда 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушунун ардагерлери менен жолугушууда билдирди.

“Ислам революциясынын душмандары жалган маалымат таратуу менен өз максаттарына жете алышпайт жана Иран элин бөлүп-жара алышпайт. Жаштар биздин балдарыбыз, алдангандардын баары мекендин кучагына алынат, бирок чыккынчыларга ырайым болбойт”, - деди Раиси.

Президенттин айтымында, Иранда сентябрдын орто ченинде болгон тополоңдорду жана баш аламандыктарды уюштурууга "эки жүздүүлөр, монархисттер жана контрреволюционерлер, башкача айтканда, ислам республикасына каршы чыккандардын бардыгы" катышкан.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайстын "Шабэ Ялда" майрамынын алдында АКШ “Иран эли менен кошо кайгырат” деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, АКШ ирандыктар үчүн “крокодилдин көз жашын төгүп жатат” деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости