www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келди

Буунун башкы катчысынын жардамчысы жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович иш сапары менен Кыргызстанга келди.

БУУӨПтөн билдиришкендей, анын иш сапарынын максаты Кыргызстандын жетекчилиги жана башка негизги кызыкдар тараптар менен консультацияларды өткөрүү, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн чечимдерди тездетүү жана интеграциялоо үчүн БУУӨПтүн колдоосунун артыкчылыктуу багыттарына басым жасоо болуп саналат.

Иш сапарынын жүрүшүндө Ивана Живкович мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин вице-спикери жана тышкы иштер министри менен жолугушуусу пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости