www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы жолугушууларын уланткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары жана БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын (UNAMA) башчысынын орун басары Маркус Потцел талип бийликтеринен кыздардын билим алуусуна жана аялдардын жумушка орношуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранды. Бул тууралуу маалыматты трт.нет билдирди.

Потцел Ооганстандагы жолугушууларынын алкагында Талибандын убактылуу өкмөтүнүн жогорку билим министринин орун басары Нида Мохаммед Недим менен жолугушту.

UNAMA социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө Потцелдин айтылган аймактарда киргизилген чектөөлөрдүн тез арада жоюлушун каалаганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Ооганстан жаңы кризис мезгилине кадам таштоодо. Талибандын аялдардын билим алуусуна жана жардам уюмдарында иштөөсүнө тыюу салышы бардык оогандыктарга зыян келтирет», - деп айтылган.

Декабрдын аягында талиптердин администрациясы кыздардын университеттерде билим алуусун жана жергиликтүү жана чет элдик бейөкмөт уюмдарда (БӨУ) аялдардын иштөөсүн кийинки эскертүүгө чейин токтоткон.

Талибдердин бул кадамы өлкөдө да, эл аралык коомчулукта да чоң реакцияны жаратты. Ооган элине жардам жеткирүү жагынан бейөкмөт уюмдардагы аялдардын иши чоң мааниге ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости