www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын түштүгүндө -30, чыгышында -43 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Бул тууралуу “Казгидромет” билдирди. Казак синоптиктери суук арктикалык антициклон жакынкы үч күндө Казакстандын бардык аймактарына таасирин тийгизерин жарыялашты.

Антициклондон Казакстандын түштүк аймактарында (негизинен Өзбекстан менен чектеш) сууктун температурасы -25-30 градуска чейин, чыгыш аймактарында -43 градуска чейин суук болору болжолдонгон.

Синоптиктер Орусиянын үч аймагында тең аномалдуу суук болорун айтышкан.

"РИА Новости" билдиргендей, Волга аймагында адаттан тыш суук аба ырайы байкалган. Башкортостан, Удмуртия жана Оренбург облусунда 40 градуска чейин суук болорун синоптиктер айтышууда.

Бороон тууралуу Башкыртстандын жергиликтүү гидрометеорология жана экологиялык мониторинг департаменти да эскертти.

«8-10-январда республика боюнча кээ бир жерлерде катуу суук болуп, түнкүсүн жана эртең менен абанын төмөнкү температурасы минус 40...42 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт», — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкы башкармалыгы.

Өзбекстанда 10-15-январда аномалдык суук болуп, абанын температурасы түнкүсүн -12...17, түндүктө түнкүсүн -17...22,  чөлдүн айрым жерлеринде -25...27 градуска чейин суук боло тургандыгы айтылууда.

 

Последние новости